- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
КӨП ТИЛ БИЛҮҮ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №5058/1 (2023-жылдын 14-сентябрдагы) буйругунун негизинде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы «Көп тилдүүлүк» долбоорунун алкагында онлайн тренингге катышуу менен CLIL ыкмасын өздөштүрүп, окутуу процессине колдонуунун үстүндө иштешүүдө.
Негизги билим берүү программасын түзүүнүн үстүндө п.и.к., доцент М.Ж.Найманбаев, п.и.к., доцент К.М.Ураимов, улуу окутуучу А.К.Шишкараева, окутуучу А.А.Аданова, окуу планын түзүү жана өзгөртүү киргизүү боюнча профессор С.С.Сакиева, улуку окутуучу А.Э.Торобекова, окутуучу Н.Ш.Мокуевалар түзүп, иш жүзүнө ашыруунун үстүндө иштеп жатышат. Андан сырткары онлайн тренинг учурунда А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева, К.М.Ураимов, Н.Ш.Мокуева, А.А.Аданова, А.К.Шишкараева CLIL ыкмасын практикалык сабактарында колдонуунун жолдорун сунуштай алышты. Кафедранын окутуучулук курамы долбоордун ишин жүзөгө ашырууда НББПнын негизинде иштеп жатышат - деп билдиришти аталган кафедрадан.