1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

338

КҮНДҮЗГҮ, СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНДӨГҮ ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

2024-жылдын 16-мартында  педагогика адистигинин күндүзгу болүмүнүн 3-курстары, т.а. П-1-21, Пк-1-21, МЧББ-1-21 тайпаларынын, үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Пс-1-2-21; МЧББс-1-21 тайпаларына адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы офлайн түрүндө болуп өттү.

Аталган иш-чарада студенттер  практика учурундагы кыйынчылыктарын жана жетишкендиктерин айтып өтүштү. Студенттер негизинен Жалал-Абад шаарынын, облусунун мектептеринде, бала бакчаларында практикасын өтөшкөн. Практиканын жыйынтыгы боюнча кафедранын практика боюнча жетекчиси, улук окутуучу А.К.Шишкараева маалымат берди. Конференцияны уюштурууга өндүрүштүк карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева жана практиканы жетектеген педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары катышты. Сырттан окуу болүмүндөгү студенттеринин  арасында орто билимдүү диплом менен иштеп жаткандар да бар. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Практиканын жетекчилери  жогорку денгээлде аткарган студенттердин чыгармачылыгын белгилеп, студенттерге  ийгилик каалашып, аягында студенттердин практикадагы аткарган жумуштарына баа коюшту. Практикада пландаштырылган иш-аракеттер максатына жетти.