1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

УЛУТТУН УНГУСУ АНЫН НАРКТУУЛУГУНДА

Учурда "2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программага" ылайык президентибиз Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгына ылайык “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун колдоо максатында кыргыз элинин чыгаан уулу, белгилүү балдар жазуучусу, окумуштуу педагог, көп кырдуу талант ээси, биз сыймыктанган инсан- Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” деп аталган эмгеги жумурай журттун көңүлүн өзүнө буруп жатат. Бул аталган эмгектин сыясы кургай электе калын элдин катмарына өтө тез тарап, окурмандар жогорку кызыгуу менен кабыл алышып, берилүү менен окуп жатышкан чагы. Ал китепте айтылгандай унутулуп бара жаткан кыргыз нарк- насили, ташка тамга жазгандай белгиленип, кийинки урпактарга эскертүү иретинде кулагына күмүш сыргадай берилип жатышы – бул улуу элдин улуттук унгусу уюган нарктын унутула электигинен кабар берет. Мына ушундай мазмунда кызуу талкуу өткөн “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы институтунун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты да С. Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин мазмунуна, андагы кыргыз элинин келечек турмушуна зарыл жоболордун накта элдин турмуштагы тили менен түшүндүрүлүшү, элибиздин эртени үчүн жазылган даяр кодекс экендигинен кабар бергендей ой калтырат. Бул эмгектин мазмунуна камтылган аял затынын улуулугун да, сулуулугун да белгилеген тексттерди талдап келип, профессор С.С. Сакиева, үй-бүлөдө үйдүн куту - эненин ролун баса белгилеп кетсе, профессор Т.Э.Уметов кыргыз эли илгертен улуттук каада-салтка кайдыгер карабаган, керек болсо аны турмуш мыйзамы - кодекс катары карап, кийинки урпактарга мурас кылып калтырып кеткенин белгилейт. ППОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. М. Найманбаев бул эмгек учурдагы эң актуалдуу маселени көтөргөн, кийинки жаштарга жана алардын келечегине чырак боло турган баалуу китеп экендигин айтып өттү. Жаныдан жарык көргөн эмгекти ар бир кыргыз уул-кызы окуса, келечек турмушунда жолун жарык кылуучу, жакшылыктарга жетелеген жакшылыктын жарчысы боло тургандыгына толук ишенүүгө болот дейт, п.и.к., доцент К.М. Ураимов. Жаны эмгектин баалуулугун талкуулашкан, кафедра мүчөлөрү, “Кыргыз наркы” китеби инсандын жаш өзгөчөлүгүнө карабай окутуп-үйрөтүүчү, билим берүүчү, тарбиялоочу касиетке ээ экендигин айтып өтүштү. Керек болсо кыргыз педагогикасына негиз катары колдонууга ылайык экендигин билдиришти. Улуу инсандын торколуу 70 жылдык тоюна кыргыз элине берген белеги деп түшүнүүгө да болот. Кыргыз барда сиздин бул эмгегиниз жашайт жана келечеги кең экендигинде талаш жок. Авторго жана “Кыргыз наркы” эмгегине ак жол каалайбыз, элибиздин кодекси болуп кылымдар кызмат кыла берсин. Ак жол сага Кыргыз наркы, кыргыз дөөлөтү!