1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

62

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол жок!

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтта Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-22 тайпасы «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол жок!» деген аталыштагы актуалдуу темада тегерек стол уюштурушту. Максаты: • Жаштар арасында үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо; • Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жолдорун үйрөтүү; • Студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу. А.Азимжанова, А.Исанова, У.Туракуловалар зомбулукка кабылган учурда кайда кайрылуу керектиги жана мыйзам чегиндеги коргоо механизмдери боюнча кеңири маалымат беришти. «Зомбулук - бул алсыздыктын белгиси, ал эми ачык айтуу жана каршы туруу - күчтүүлүк» деген чакырык астында студенттер өздөрүнүн суроолоруна адистерден жооп ала алышты. Иш-чарада талкуу жараткан негизги маселелер: 1. Укуктук сабаттуулук: КРнын «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзамдардын калкттын билүүсү. 2. Психологиялык жардам: Жабыркаган тарапка моралдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү. 3. Тарбия багыты: Жаш муундардын аң-сезиминде бири-бирине болгон сый-урматты калыптандыруу. Психологиялык жардам катары М.Ж.Найманбаев, Г.Маатазимова, элдик салттык ыкмалар боюнча К.Тороева, улуттук нарктуулук боюнча С.С.Сакиева, искусство аркылуу тарбиялык ыкмалар боюнча А.А.Акматовдор баалуу пикирлерин билдиришти. Инститтун окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары С.Ч.Осмоналиева: Интеллигенция өкүлдөрү жана болочок адистер катары, коомубуздагы кайдыгерликке каршы турушубуз керек. Зордук-зомбулукка көз жумуп коюу - бул кылмышка шериктеш болуу менен барабар экендигин белгилөө менен иш чараны жыйынтыктады.