1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы профориентациялык иш-чара өткөрүштү

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети”  Э Уметов атындагы педагогикалык институнун педагогика,психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан билим берүү багытындагы профориентациялык иш –чаралар өткөрүлдү. Сузак районуна караштуу №3 Чангыр- таш, №19 Абдукаимов Адылбек,№18 Караев Азимжан атындагы мектептерде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Кафедранын доценти п.и.к Ж .К Тажибаева окуучулар менен болгон жолугушууларда педагогика ,мектепке чейинки билим берүү,психология адистиктеринин бүгүнкү күндөгү маанилүү кесип экендигин жана окутуу, тарбиялоодо институттун заманбап шартын , кесипке ээ болуудагы кенен мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүү менен кесипти туура тандоого багыт берди . “Ачык эшиктер” күнүнө чакыруу менен жаш муундарды университеттин жашоосуна аралашып,жакындан таанышууга багыт берди. Университеттин окутуучулары т.и.к.доцент Г.А Анарбаева,м.и.к,доцент А.Ураимхалилова, А.Э.Бакиров, К.Мурзалиевдер жалпы институттун ар бир адистиктери боюнча маалымат берип, туура кесип тандоого үндөштү.  Иш –чаранын мааниси келечектеги адистерге ийгиликтүү ,татыктуу кесипке багыт берүү демекчибиз .