1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

“Келечекке жол: профориентациянын ролу”

2026-жылдын 17-апрелинде Манас шаарындагы С. Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүүчү мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесипке багыттоо иштеринин алкагында маанилүү иш-чара уюштурулду. Бул жолугушууга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин» “Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары” кафедрасынын окутуучулары катышып, окуучуларга кеңири маалымат беришти. Иш-чаранын негизги максаты – бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоого жардам берүү, алардын кызыгуусун жана жөндөмүн эске алуу менен келечектеги багытын аныктоого багыт берүү болду. Бүгүнкү күндө кесип тандоо – ар бир жаш адамдын жашоосундагы эң жооптуу кадамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан мындай профориентациялык жолугушуулар жаштар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга 550700 «Педагогика» багыты боюнча “Башталгыч билим берүү” жана “Мектепке чейинки билим берүү” профилдери тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутуучулар бул адистиктердин артыкчылыктарын, мугалим кесибинин коомдогу ордун жана анын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн мисалдар менен түшүндүрүштү. Ошондой эле педагог болууну каалаган жаштар үчүн сабырдуулук, жоопкерчилик, чыгармачылык жана балдарга болгон сүйүү маанилүү сапаттар экендиги белгиленди. Мындан тышкары, ЖРТга даярдануунун мааниси өзгөчө баса белгиленип, сынамык тесттерди үзгүлтүксүз тапшыруу окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга жана өз күчүн баалоого жардам берери айтылды. Педагогикалык адистиктерге кабыл алуудагы талаптар жана өзгөчөлүктөр тууралуу да кеңири түшүндүрмө берилди. Иш-чарада кафедранын заманбап мүмкүнчүлүктөрү, окуу процессиндеги жаңы технологиялар, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтар сунушталды. Окуучуларга маалыматтык буклеттер таратылып, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Ошондой эле мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Осмонова Гүлназ эжеке менен иш берүүчү катары мазмундуу баарлашуу болду. Анын айтымында, мектепте негизинен ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү эмгектенип келишет. Мисалы, Токтосун кызы Т. окуучуларын республикалык олимпиадага даярдап, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Ал эми башталгыч класстардын завучу Тургунова Назгүл эжеке да өз ишинде алдыңкы мугалимдердин катарына кирет. Мындан сырткары, практиканттарга да ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын кесиптик жактан калыптанышына шарт түзүлүп жатканы белгиленди. Окуучулар өз мектебинен чыккан ийгиликтүү мугалимдерди көрүп, мугалимдик кесипке болгон кызыгуусу артты. Бул алардын келечектеги кесип тандоосуна оң таасирин тийгизди. Жыйынтыктап айтканда, мындай профориентациялык иш-чаралар жаштардын туура багыт алышына, өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоосуна жана коомго пайдалуу адис болуп калыптанышына чоң өбөлгө түзөт. Келечек – бүгүнкү туура тандоодон башталат