1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Иш берүүчүлөр менен магистрдик билим берүү программасын талкуулоо (“Башталгыч билим берүү” профили боюнча)

2026-жылы 15-апрелде Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан иш берүүчүлөр менен жолугушуу болду. Жолугушуу окуу жайдын базалык мектеби болгон Манас шаарындагы Жолболду Болотов атындагы №21 мектепте өттү. Иш - чарага кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Найманбаев Муктарбек Жумашович, педагогика илимдеринин кандидаты Маатазимова Гүлзат Эрмаматова жана улук окутуучу Төрөева Кайринса Омошовналар катышышты.         Иш-чаранын максаты - башталгыч билим берүү профили боюнча магистрдик билим берүү программасын талкуулоо болду. Ушул маселе боюнча мектеп жетекчилигине төмөнкү суроолор берилди: 1. Магистрдик билим берүү программасы силерди канааттандырабы? Бул суроого магистрдик билим берүү канааттандырарын, баардык критерийлерге жооп берерин айтышты. 2. Бүтүрүүчүлөр кандай иштеп жатышат?- деген сурообузга алар: бүтүрүүчүлөрүбүздүн даярдыгы мыкты экенин, окуу процессинде санариптик технологияларды колдоно алышарын, окуучулар менен да, педагогикалык коллектив менен да жакшы мамиледе экенин баса белгилеп кетишти. Ошондой эле төмөнкү сунуштарын беришти: -магистранттар үчүн методикалык колдонмолорду жана нускамаларды иштеп чыгуу; -сабактардын жүктөмүн оптималдаштырып, өз алдынча изилдөө иштерине көбүрөөк убакыт бөлүү; -жаш мугалимдер үчүн кошумча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү.       Талкууга мектептин директору Кебекова Жаннаткан, башталгыч класстын окуу бөлүмүнүн башчысы, ошол мектепте иштеп жаткан ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү, башталгыч класстын мугалимдери катышты жана өз ойлорун ортого салышты . Дагы айта кетүүчү нерсе мектептин жетекчилиги тарабынан “Башталгыч билим берүү” боюнча бүткөн биздин бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли жогору экендиги белгиленди.