1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

ИШ БЕРҮҮЧҮ - БИЗДИН ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧЫБЫЗ

Манас шаарындагы №19 Иманалы Сатыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Н.Рустамова баштаган мектеп администрациясы менен атайын түзүлгөн суроо-жооп анкетанын негизинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУ илимий билим берүү өндүрүштүк комлексинин Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты жолугушуу өткөрүп келишти. Иш берүүчүлөр менен жолугушуу мезгилинде ЖАМУнун 550700 Педагогика багытындагы башталгыч билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн билим берүү мекемелериндеги орду, ишмердүүлүгүнүн деңгээлдик сапаты жана келечектеги педагогикалык тажрыйбасы жөнүндө ойлор айтылды. Доцент К.М. Ураимовдун жана улук окутуучу А.К. Шишкараевалардын берген суроолоруна буйдалбай жооп берген мектеп жетекчилиги ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү учурда эн жакшы натыйжаларга жетишип жатышканын белгилеп кетти. Алсак, 2000-жылдын бүтүрүүчүсү Гүлжан Кадырова учурда 4-классты жетектейт. Ал окуткан класстагы окуучулардын билиминин сапаттык катышы 78-85%дык көрсөткүчкө ээ. 2003-жылы бүтүргөн Узакова Каныгүл, 2013-жылы бүтүргөн Бекова Урматтар да өзүлөрүнүн чыныгы педагогдук жөндөмүн көрсөтүп келе жатышкандыктарына күбө болдук. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр арасында да магистрдик даражаны алууга кызыккандар бар экендигин билдик жана бул багытта 550700 Педагогика багытында магистр даражасын алуу үчүн магистрдик НББПны талкуулоону жүргүздүк. Мектеп жетекчилиги менен болгон талкуулоодо негизги билим берүү программасынын айрым бөлүмдөрүнө толуктоолор сунуш катары айтылды. Анда белгиленгендей илимий багыттагы иштерди мектепте эксперимент иштерин жандандыруу учур талабы экендигин белгилеп кетишти. Ошол эле учурда магистрлердин практикасынын илимий мазмунун тереңдетүү зарылдыгын айтышты. Магистр даражасы үчүн киргизилген предметтердин жүктөмдөрүнүн чен өлчөмдөрү да талапка ылайык болсо, анан практиканын жана өз алдынча изилдөө иштеринин мөөнөтүн узартуу каралды. Профессор С.С. Сакиева белгилеп кеткендей: “Иш берүүчү-биздин ишенимдүү таянычыбыз.” Иш берүүчүлөр бизге ар тараптуу жардам берип келишет. Алар биздин адистик шериктештерибиз.