1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР – БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ ШАКИРТТЕРИБИЗ

 Учурда өлкөбүздүн чар тарабындагы билим берүү тармактарында эмгектенип жатышкан ЖАМУнун 550700 Педагогика багытынын башталгыч билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрү алган теориялык билимдерине таянып, балдарга билим, тарбия берип, алган билимдерин практика менен чебер айкалыштырып келишет.  Бул күнкү бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда алар иштеп жаткан багыт боюнча алган билимдери өз денгээлине жараша ишке ашып жаткан жерине барып күбө болду. Манас шаарындагы №19 И. Сатыбаев жана №21 Ж. Болотов, №9 Р. Санатбаев, №5 Б. Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердеги бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп, алардын учурдагы көйгөйлүү маселелеринин бири бул 12 жылдык билим берүүдөгү айрым технологиялык маселелер экендиги айтылды. Анда белгиленгендей стандартка ылайык даярдалган окуу куралдары менен иштөөдө методикалык көрсөтмөлөр, усулдук колдонмолор зарылдыгын айтышты. Ошол эле учурда алдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык материалдар так берилишине токтолушту. Жолугушуунун жыйынтыгында учурдагы билим берүү боюнча кошумча семинарларды уюштуруу, ага жаңыдан иш баштаган бүтүрүүчүлөрдү тартуу, методикалык көрсөтмөлөрдү практик мугалимдер менен биргеликте түзүү талабы коюлду.  Жолугушууга барган ППОТ кафедрасынын жамааты өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын, алар биздин ишенимдүү шакирттерибиз экендигин белгилеп кетишти. Бүтүрүүчүлөр-биздин ишибизди улантуучулар!