1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК ПРОГРАММА – КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ КАДАМ

Билим берүү тармагындагы жаңылануу процессин утурлай «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университет» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты Манас шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде мектеп адмнистрациясы, мугалимдер жана практикант студенттер менен семинар өткөрдү. Семинарды ППОТ кафедрасынын доценти К. М.Ураимов алып барды. Семинар мектеп директору Н. Рустамованын кириш сөзү менен башталды. Ал учурдагы болуп жаткан жаңылануулардын катарында 12 жылдык программанын киргизилиши жана андагы айрым көйгөйлөргө токтолду. Кийинки сөз ППОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. С.Ч.Осмоналиевага берилип, ал 12 жылдык билим берүү стандартынын жаңы редакциясы менен кеңири масштабда тааныштырып өттү, жана мектеп мугалимдери, студент-практиканттардын суроолоруна канааттандыраарлык жооп берди. Анын сөзүн утурлай п.и.д., профессор С.С.Сакиева стандарттагы айрым түшүнүктөргө кошумча толуктоолорду белгилеп кетти. Мектепте иштеген тажрыйбалуу башталгыч класс мугалими Г. Абдураимова 12 жылдык билим берүүгө катара сунушталган окуу китептерине кеңири токтолуп, алардын мазмуну жана учурдагы 1-2-класстардагы көйгөйлөрдү белгилеп берди, ошол эле учурда аны чечүүнүн жолдорун да сунуштап өттү. Андан кийин сөз алган ППОТ кафедрасынын мүчөлөрү п.и.к., доцент К.М. Ураимов, улук окутуучулар А.К. Шишкараева, Г.К. Темирбаева, Н.Ш. Мокуевалар 12 жылдык ЖББПнын психологиялык, социалдык, тарбиялык жана предметтик мазмунуна жана аны уюштуруунун айрым технологияларына токтолушту. Семинар 2 саатка созулуп, абдан кызытуу жана натыйжалуу болду десек болот. Жаңы мазмун, жаңы система- келечекке карай жол экендигинде талаш жок.