1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

86

Адаптациялык-педагогикалык практика: студенттердин алгачкы тажрыйбасы

  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология жана химия адистигинин 2-курсунун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасынын алкагында бөлүнгөн мектептерде өздөрүнүн алгачкы педагогикалык тажрыйбасын топтошту. Бул практика студенттердин келечектеги мугалимдик кесипке болгон даярдыгын чыңдоодо маанилүү этап болуп саналат.       Практиканын жүрүшүндө студенттер предметтик мугалимдердин сабактарына катышып, окутуу процессин байкоо аркылуу тажрыйба алышты. Алар сабак өтүүнүн ыкмалары, окуучулар менен иш алып баруу, классты башкаруу жана билим берүүнүн заманбап методдору менен жакындан таанышышты. Мындан тышкары, студенттер тарбиялык иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча да практикалык көндүмдөргө ээ болушту.       Айрыкча, практиканттар тарабынан өткөрүлгөн тарбиялык сааттар алардын чыгармачылыгын жана жоопкерчилигин айкын көрсөттү. Х-1-24 тайпасынын студенти Таалайбекова Айсулуу Манас шаарындагы №9 мектептин 5-“Г” классына «7-апрель – Элдик революция күнү» темасында тарбиялык саат өттү. Ошол эле тайпанын студенти Разакова Айжан №19 мектептин 9-“Б” классына «Космос программасы жана анын экономикага, экологияга жана технологияга тийгизген таасири» аттуу темада сабак өткөрдү. Ал эми Б-1-24 тайпасынын студенти Маданбекова Рахима №13 мектептин 10-классына «9-май – Жеңиш күнү» темасында тарбиялык иш-чара уюштурду.      Өткөрүлгөн тарбиялык сааттар мазмундуулугу, тарбиялык мааниси жана окуучулардын активдүү катышуусу менен айырмаланды. Студенттер заманбап интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен окуучулардын кызыгуусун арттырууга жетишишти. Жалпысынан алганда, адаптациялык-педагогикалык практика студенттер үчүн теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Мындай практикалар келечектеги адистердин сапаттуу даярдалышына өбөлгө болуп саналат.