1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

95

Жумуш ордунда окутуу: теория жана практика

  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология жана химия адистигинин 2-курсунун студенттери окуу планына ылайык бөлүнгөн мектептерде педагогикалык практикадан өтүп жатышат. Бул практика студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөдө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо маанилүү этап болуп саналат.      Практиканын жүрүшүндө студенттер сабак өтүү, окуучулар менен иш алып баруу, окутуунун ар кандай ыкмаларын колдонуу сыяктуу негизги педагогикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшүүдө кесиптин өзгөчөлүктөрүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.. Алар мектеп чөйрөсүндө иш алып баруу менен мугалимдик       Педагогика боюнча доцент Рыскулова Г.У. студенттер менен үзгүлтүксүз иш алып барып, практиканын жүрүшүн көзөмөлдөп келет. Сабак учурунда жаралган педагогикалык кырдаалдар талкууланып, ар бир учур боюнча туура чечим кабыл алуу жолдору көрсөтүлүүдө. Мындай талкуулар студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, аларды реалдуу шарттарда туура аракеттенүүгө үйрөтөт.         Мындан тышкары, студенттер өз ара тажрыйба алмашып, сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүшүүдө. Айрыкча интерактивдүү методдорду колдонуу, окуучулардын кызыгуусун арттыруу жана сабакты жеткиликтүү түшүндүрүү багытында маанилүү тажрыйба топтошууда.        Жумуш ордунда окутуунун мындай формасы теория менен практиканын айкалышын камсыз кылып, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт. Натыйжада, келечектеги мугалимдер өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, заманбап талаптарга жооп берген адистер болуп калыптанат.