1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

21

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА-МЕНИН ЖАШООМДУН МАҢЫЗЫ

Учурда биздин ПМ-1-24 тайпасынын студенттери Манас шаарындагы №19 И. Сатыбаев жана №21 Ж. Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде Адаптациялык-педагогикалык практикаларын өтөп жатышат. Алардын баары атайын 12 жылдык билим берүү программасы менен иштеп жаткан 1-2-класстарга бөлүнүшкөн. Мындай бөлүштүрүүнүн башкы максаты учурда актуалдуу маселеге айланган 12 жылдык программага ылайык чыгарылган окуу куралдарын жана андагы материалдарды илимий-теориялык жактан терен изилдеп, анан аны практика менен айкалыштырып үйрөнүү болуп саналат. Жогорда аты аталган мектептер биздин 550700 Педагогика багытындагы Башталгыч билим берүү адистигинин практикалары өткөрүлүүчү базасы болуп эсептелет. Жакынкы күндөрдө ППОТ кафедрасынын практика боюнча жетекчиси А.К. Шишкараеванын демилгеси менен профессор С.С.Сакиеванын жетекчилигинде 12 жылдык билим берүү программаларын талкуулоо боюнча семинарлар уюштурулуп, өткөрүү алдында турат. Бүгүнкү практиканттар менен жолукканда алардын “Кош Алиппе” майрамына кызуу даярдыгынын үстүнөн чыктык. 2-“Е” классынын окуучулары жана класс жетекчиси Самиева Гулбарчын эжеке, ПМ-1-24 тайпасынын студент-практиканттары Тажибекова Ж., Токтобаева Н. менен биргеликте практиканын жүрүшү жана андагы көйгөйлүү маселелер жөнүңдө аңгемелештик. Алардын пикири боюнча учурда сунушталган окуу куралдарын абдан терен үйрөнүү зарылдыгын, ошондой эле атайын тездетилген вариантта методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу керек экендигин айтышты. Өз кесибине болгон сүйүүсүн жашыра албаган практиаканттар адаптациялык-педагогикалык практика-биздин жашообуздун маңызы деген ойлорун билдиришти. Бул күнкү мындай иш процесске ППОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов күбө болуп келген.