1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

23

Педагогика жана психология предметтери боюнча университеттик олимпиада уюштурулду

2026-жылдын 8-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде университеттик деңгээлде өткөрүлгөн предметтик олимпиадага Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы активдүү катышты.     Иш-чарага университеттин ар түрдүү институттарынан студенттер катышып, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.Катышуучулар тапшырмаларды аткарууда логикалык ой жүгүртүүсүн, талдоо жөндөмүн жана кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтүштү.       Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Олимпиада студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошту.