1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

97

12 ЖЫЛДЫК ПРОГРАММАНЫ УТУРЛАП

 ППОТ кафедрасынын окутуучулары Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү уюмунда 12 жылдык прогамманы талкуулашты. Талкуулоо учурунда биздин 550700 Педагогика багытында иштеп жаткан магистранттар, бакалавр бүтүрүүчүлөр жана көп жылдык тажрыйбалуу мугалимдердин катышуусу бир топ натыйжалуу пикирлерди жаратты. Учурда  балдар окуп жаткан окуу куралдарынын сапаты, ички жана сырткы мазмуну боюнча суроо-жооптор болуп,  профессор С.С Сакиеванын сунушу айтылды. Анда белгиленгендей, окуу процессине сунушталган бул окуу куралдарын кеңири масштабда талкууга коюу мезгил талабы экендиги айтылды. Анткени бул багытта учурда ар кандай ой-пикирлер айтылып келет. ППОТ кафедрасынын доценттери, п.и.к К.М. Ураимов, п.и.к. С.Ч. Осмоналиева жана улук окутуучулар Д.А.Аданова, Н.Ш. Мокуевалар ошол жерде эмгектенип жаткан биздин бүтүрүүчүлөр менен жана башка мектептердеги бардык бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда кенири масштабда жыйын өткөрүү зарылдыгына токтолуп өтүштү. Талкуу 12 жылдык билим берүүнү практикалап жаткан “Педагогика” адистигинин бүтүрүүчүлөрү Г.Рыскулова, Таалайбек кызы Милана менен биргеликте жүргүзүлдү. Талкууда жыйынга ата-энелердин да катышуусу жакшы натыйжа берерин белгилеп кетишти. Жакынкы убактарда биздин бүтүрүүчүлөр, мектеп мугалимдери жана ата-энелер менен биргеликте чон жыйын уюштурулуусу күтүлүп жатат.