1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

95

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУ ПРАКТИКАЛОО

550700 Педагогика багытында билим алып жаткан студенттердин практика мезгилиндеги жумуш ордунда окутуу процесстери уланууда. Бул күнү Манас шаарындагы №5 Б. Осмонов атындагы билим берүү уюмунда практика өтөп жатышкан студенттер менен жумуш ордунда окутуу процесси ишке ашты. Ага катышууга барышкан. ППОТ кафедрасынын профессору, п.и.д. С.С. Сакиева баштаган ППОТ кафедрасынын доценттери К.М. Ураимов, С.Ч. Осмоналиева жана улук окутуучулар Д.А. Аданова, Н.Ш. Мокуевалар ал жерде практика өтөп жатышкан студенттерге жумуш ордунда окутуунун айрым процесстерин аткарып келишти. Башкача айтканда, Кыргыз тили сабагынан “Заттын атын билдирген сөздөр” , Математика сабагынан “Теңдештирип бөлүү”, Мен жана дүйнө сабагынан “Жазгы эмгек” деген темада өтүлгөн сабактарга ар кандай методикалык жардам беришти, профессор С.С. Сакиева жана доценттер К.М.Ураимов, С.Ч. Осмоналиевалар Кыргыз тили жана Адабий окуу сабактарынан ар кандай методикалык сунуштарды беришти жана аны жеринде көрсөтүп берүүгө аракет кылышты. Ал эми улук окутуучу Д.А. Аданова Математика сабагындагы жаны сунушталган логикалык ой жүгүртүүгө басым жасалган тапшырмалардын үстүндө кантип иштөө керек экендигин көрсөтүп берсе, окутуучу Н.Ш. Мокуева Мен жана дүйнө сабагындагы байкоо жумуштарын кантип жүргүзүү зарылдыгына токтолуп, ошол боюнча мастер класс көрсөттү. ППОТ кафедрасында жумуш ордунда окутуу процесси практика менен айкалышып, эң сонун ийгиликтүү ишке ашууда.