- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКА-КЕСИПКЕ ДАЯРДООНУН АЛГАЧКЫ КАДАМЫ
Практикаларды уюштуруу иштери педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедраынын окутуучулары тарабынан мыкты уюштурулууда. Бул жолу да үзгүлтүксүз билим берүү институтунун педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы профилдеринин 5-курстарын (Пс-1-19, Пс-2-19, МЧББс-1-19) кесиптик-профилдик практикаларына жөнөтүү үчүн кафедра тарабынан онлайн багыттоочу конференция уюштурулуп, ал 2024-жылдын 1-мартында өткөрүлдү. Алгач эле Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын кафедра башчысы, п.и.к., доцент Г.Э.Маатазимова киришүү жасап, практиканттарга ийгилик каалады. Андан соң практика башчысы А.К.Шишкараева студент-практиканттарды буга чейин адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-базалык практикаларда болушуп, бул процесс жаңылык эмес көрүнүш экендигин белгилөө менен практиканын талаптары, жүрүшү, жыйынтыгында тиешелүү кошумча маалыматтарды берди. ЗУУМ порталынан бөлүнгөн методисттерди, бөлүнгөн мекемелерин даана көрсөтүү менен практиканын ишмердүүлүгүнүн баалоонун критерийлерин да айтып өттү. Аталган тайпалардын методисттери Сакиева С.С., Нусупова Р.С., Найманбаев М.Ж., Төрөбекова А.Э., Тажибаева Ж.К., Осмоналиева С.Ч., Акматов А.А., Ураимов К. М. Темирбаева Г.К., Аданова Д., Мокуева Н., Нишанбаева Ж.М. катышып, өз ой-пикирлерин, практиканын өтүү талаптарын айтышып, акыркы, активдүү практика экендигин эскертүү менен, методисттер менен байланышты үзбөө зарылдыгына басым жасашты. Бул жолку багыттоочу конференцияда студенттер тарабынан суроолор көп болду. Студенттерге жол карталары берилип, багыт көрсөтүлдү. Уюштуруу конференциясы өз максатына жетти.