1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

87

САПАТТУУ БИЛИМГЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

2024-жылдын 1-мартында Баткен мамлекеттик университети тарабынан  “Сапаттуу билим – заманбап өнүгүүнүн руханий азыгы” аталышындагы Кара- Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун 25 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга Республиканын бардык жогорку окуу жайларынан, т.а. И.Арабаев мамлекеттик университети, С.Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары катышты. Конференциянын максаты: Окутуучуларды, магистранттарды, студенттерди илим-изилдөө иштерине тартуу менен алардын илимий көз караштарын өстүрүү, кесиптик жөндөмдүүлүгүн арттыруу, окуу жараянындагы илим-изилдөө иштеринин ролун жогорулатуу болуп эсептелет. Конференцияга окулган докладдар сапаттуу билим, аны жаныча көз карашта окуп-үйрөнүүнүн мамилелери, окутуунун технологияларын колдонуунун практикалык мазмундарына басым жасалды. Пленардык жыйындагы окулган докладдар конференцияны уюштуруунун мазмунун терендетти. Атап айтканда, п.и.д., профессор Акматалы Алимбековдун билим берүүнүн тарыхый башаттарына, п.и.д., профессор С.К.Рысбаевдин калыптандыруучу баалоо менен денгээлдик окутууга, п.и.д., профессор  Т.М.Сияевдин  Кыргыз Республикасындагы кесиптик билим берүүнүн  абалы, п.и.д., профессор А.Т.Калдыбаеванын билим берүүнү санариптештирүүгө арналган докладдары конференциянын мазмунун ача алды. Конференцияда окулган докладдардын негизинде учурдагы  билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, педагогикалык кадрларды даярдоонун мындан ары терендетүүгө  карата резолюция кабыл алынды.