1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

«Учурдагы диний экстремизмдин жана терроризмдин көйгөлөрү» аттуу тарбиялык ачык саат өткөрүлдү

      Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда ПМ-1-24 тайпасынын куратору Д.А.Аданова жана кафедранын доценти К. Ураимовдун уюштуруусу менен «Учурдагы диний экстремизмдин жана терроризмдин көйгөлөрү» аттуу тарбиялык ачык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттер арасында диний экстремизм жана терроризмдин коркунучтары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаштарды туура маалымат менен камсыз кылуу жана алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу болду. Иш-чарага институттун директору, ф.и.к., доцент З.С. Калыбекова, кафедра башчысы п.и.к., доцент М.Ж. Найманбаев, кафедранын ардактуу профессору С.С. Сакиева жана доцент К. Ураимов катышып, студенттерге экстремизмдин жана радикалдык идеялардын коркунучтары тууралуу өз ойлорун жана баалуу кеңештерин айтышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер менен активдүү суроо-жооп болуп, жаштарды экстремисттик агымдардын таасиринен коргоо, медиа сабаттуулукту жогорулатуу жана коомдогу тынчтык менен биримдикти сактоо маселелери талкууланды. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге тынчтыкты, сабырдуулукту жана мыйзамдуулукту сактоо ар бир жаран үчүн маанилүү экени белгиленип, билим жана туура маалымат экстремизмге каршы эң күчтүү курал экени баса белгиленди.