1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Практиканын жүрүшү менен таанышуу

Арстанбап айылында иш-сапардын алкагында П-1-23 тайпасынын студенти Тохтополотова Сорвиноздун кесиптик-базалык практикасынын жүрүшү менен таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү. Практикант №34 Ю. Исламов атындагы жалпы билим берүүчү уюмунда практика өтүүдө.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинен практика боюнча усулчу-жетекчи, ППОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов практиканын жүрүшүн жеринде көрүп, методикалык жардам көрсөттү. Сабакты уюштуруунун этаптары, жагымдуу психологиялык маанай түзүү жана окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу ыкмалары практикалык негизде сунушталды.

2-Д класста математика сабагынан “Сандарды теңдеп бөлүштүрүү” темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабак мазмундуу, методикалык талаптарга ылайык уюштурулуп, практиканттын окуучулар менен иштөө жөндөмү жана сабакка болгон жоопкерчиликтүү мамилеси жогору экендиги белгиленди.

Жумуш ордунда уюштурулган практика теория менен практиканын айкалышын камсыздап, болочок мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.