1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 часов назад

6

Кесиптик-базалык практиканын бараандуу жүрүшү

Бул жолкусунда биз жумушчу иш-сапар менен айтылуу Арсланбоб жеринде болуп келдик. Ал жерде П-1-23 тайпасынын студенти Тохтополотова Сорвиноз №34 Ю. Исламов атындагы жалпы билим берүүчү уюмунда кесиптик-базалык практикасын өтөп келүүдө. ЖАМУдан практика боюнча усулчу-жетекчиси ППОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов жеринде барып практиканын жүрүшү менен кенен таанышып келген. Практиканын жүрүшүндө күбө болуу менен бирге практикантыбыздын өз кесибин сүйгөңдүгүн, балдарга жасаган мамилеси, балдарга практикалык түшүнүктөрдү жөнөкөй жатык тил менен жеткирүүнү жакшы өздөштүргөндүгүнөң байкалат. 2-“Д” классында математика сабагынан өтүлгөн “Сандарды теңдеп бөлүштүрүү” темасындагы ачык сабак абдан кызыктуу жана мазмундуу өтүлдү десек болот. Анткени, практикант-студент болгонуна карабай, балдар менен тез тил табышып кете алат, жан дилин берип сабак өтөт. Сарвиноздун өз кесибине болгон мамилеси жогору жана сүйүүсү терен. Барганына эч канча убакыт болбосо да балдар ага абдан үйрөнүп калышкан. Сабак кандай башталып, кандай бүткөнүн байкабай да калдык. Практикант ар бир сабакка чын дилинен берилип даярданганы анын жасаган көрсөтмө курал, сабактын иштелмелеринен эле байкалат. Башталгыч класстын мугалими катары кол тамгасы абдан жакшы, сулуу.