1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

62

"ТИЛ КАДЫРЫ - ЭЛ КАДЫРЫ" АТТУУ МАДАНИЙ ИШ-ЧАРА 

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялар кафедрасы тарабынан П-1-25 тайпасынын куратору Темирбаева Г.К. жетектөөсүндө «Тил кадыры – эл кадыры» аттуу маданий иш-чара уюштурулду.Иш-чарага институттун директору, ф.и.к., доцент Калыбекова З.С., директордун орун басары, п.и.к., м.а. доцент Осмоналиева С.Ч., педагогика, психология жана окутуунун технологиялар кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Найманбаев М.Ж., профессор Сакиева С.С., доцент Нусупова Р.С., м.а. доценттер Маатазимова Г.Э., Тажибаева Ж.К., ошондой эле окутуучулар Мажиева Д. жана Адилбекова М. катышышты.Иш-чаранын максаты — мамлекеттик тилдин баалуулугун даңазалоо, студенттердин тилге болгон сый-урматын арттыруу жана улуттук маданиятты сактоого үндөө болду. Программада студенттер тарабынан көркөм окуулар, ыр-бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр жана тил тууралуу баяндамалар сунушталды.Катышуучулар иш-чаранын мазмундуулугун жана уюштурулуш деңгээлин жогору баалап, жаштардын тилге болгон жоопкерчилигин күчөтүү багытындагы мындай иш-чаралар мындан ары да улантылышы керектигин белгилешти.