1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ИЛГЕРИЛӨӨДӨ

 Пмаг-1-24 тайпасынын магистранттары илимий-изилдөө практикасына жөнөп кетишти.  Алар ар бири өз алдынча изилдөө ишинин темасына ылайык изилдөө иштерин жүргүзүшүп, алдыда боло турган диссертациялык ишти коргоого даярдык көрүшөт. Практика мезгилинде тема боюнча эксперимент иштери жүргүзүлүп, жыйынтыктоочу бөлүгүнүн үстүндө иш алып барышат.  Пмаг-1-2-4 тайпасынын магистранты Мырзакматова Акмөөр жетекчиси п.и.к., доцент К.М. Ураимов менен буга чейин түзүлгөн планды талкуулап, илимий ишке жаңы тапшырмаларды алды. Жетекчиси тарабынан берилген тапшырмаларга ылайык илимий темага байланыштуу илимий макаланы басмага берүү жана буга чейин түзүлгөн тапшымаларды жыйынтыктоочу экперименттен өткөрүү менен бирге илимий диссертациялык иштин корутундусун аяктоо иштери милдеттендирилди.  Кийинки илимий маек практика өтөп жаткан иш үстүндө боло тургандыгы  макулдашылды.