1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

74

ТЕМА: ДУАЛДЫК ОКУТУУ ЖАНА КЕСИПТИК ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА

«Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары» кафедрасынын П-1-22 тайпасынын студенти Сыябекова Айдай учурда №14 орто мектебинде дуалдык окутуу менен кесиптик-профилдик практикасын айкалыштырып өтөөдө. Дуалдык окутуу учурунда студент 2-«А» классынын окуучулары менен иштешип, теориялык билимин мектеп шартында иш жүзүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алууда. Процессти окуу жайдан методист Д.А. Аданова жана мектептен тажрыйбалуу мугалим Кыйбат Ташиева түздөн-түз көзөмөлдөп, методикалык багыт берип жатышат. Сүрөттөрдө методист Д.А. Аданованын студент менен биргеликте сабакка катышып, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча кеңеш берип жаткан жумушчу учурлары чагылдырылган. Мындай насаатчылык иштери келечектеги жаш адистердин кесипкөйлүгүн арттырууда жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда чоң мааниге ээ.