- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕГИ КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ
ЖАМУнун педагогикалык билим берүү багытынын педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы профилинин күндүзгү бөлүмдөрүнүн 3-курстары кесиптик-базалык, 4-курстары кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткан учуру. Практика 2024-жылдын 5-февралынан башталып, 2-жумасы аяктап калган. Студент-практиканттар буйрукта көрсөтүлгөн мекемелерде өз ишмердүүлүктөрүн аткарып жаткандыгы, ошондой эле кафедранын ар бир методисти практиканттар менен онлайн, офлайн форматта тыгыз байланышта экендиги анык. Ошого карабастан 2024-жылдын 17-февраль күнү ЖАМУнун Э.Уметов атындагы окуу корпусунун 2/223-каанасында “Практиканттар менен кайтарым байланыш” темасында жыйналыш уюштурулуп, ага кафедранын жамааты, методисттери, окуу жайдын практика жетекчилери жана студент-практиканттар катышты.
Жыйналышта практиканын жүрүшү жөнүндө терең талкуу жүрдү. Практиканттар өздөрү кезигип жаткан педагогикалык кырдаалдар, практиканын иш кагаздарынын толтурулушу, тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы иштер, ачык сабактарды өтүүнүн, уюштуруунун өзгөчөлүктөрү ж.б.у.с. суроолоруна жооп ала алышты. Жыйналыштын соңунда кайтарым байланыштын жакшы натыйжа берээрине, методисттер менен тыгыз байланышып бул байланышты үзбөө керек экендигине, методикалык сунуштардын пайдалуу жыйынтыкты берээрине студент-практиканттар толугу менен ынанышты.