- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКАНТТАРГА УЮШТУРУЛГАН МАСТЕР-КЛАССТАР

Студент-практиканттардын билим берүүчү мектептерде аткарып жаткан ишмердүүлүктөрү дагы деле уланууда. Ар бир практикант болочоктогу башталгыч класс мугалими экендигин сезе билип, мугалимдик кесиптин оош-кыйыштары, түйшүгү, жоопкерчилиги, ошону менен катар эле ырахатын аз да болсо сезип жатышат. Мындай учурда көпчүлүгүндө кесипке болгон кызыгуусу күч алып, кесиптик компотенттүүлүгү калыптана баштаса, айрымдарында мугалимдик кесиптин ысык суугуна кирип жашоо аларды көп түйшүккө салаары, ал түйшүккө туруштук берүү менен анын ырахатына, ийгилигине жетүүгө максат кылуу сезимдери болоору да анык.
Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары студент-практиканттарга методист катары алардын кесиптик компотенттүүлүгүн жогорулатуу максатында, ар тараптуу методикалык жардамдарын берип, өз салымдарын кошуп келишет. Бул жолу жогоруда аталган кафедранын окутуучусу Д.А.Аданова шаарыбыздагы №6 жалпы билим берүүчү мектепте 2-класстарга математика сабагынан жогорку деңгээлде мастер-класс өтүп, практиканттар үчүн чоң түрткү болсо, ал эми ага окутуучу А.К.Шишкараева Базар-Коргон районундагы К.Сооронбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 3-класстарга кыргыз тили сабагынан, окутуучу Б.М.Исманалиева кыргыз тили сабагынан, улук окутуучулар А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева адабий окуу сабактарында, профессор С.С.Сакиева , доцент Р.С.Нусупова тарабынан мастер-класстар уюштурулду.. Мастер класста окуучулар менен тыгыз байланыш жасоо, кайтарым байланыштарды күчөтүү жолдору ачык көрсөтүлдү. Студент-практиканттарга сабактын моделин түзүү, аларды практикада пайдалануу үчүн багытталды. Уюштурулган мастер-класстар максатына жетти. Мастер-класс кафедранын практика боюнча жетекчиси, улук окутуучусу А.К.Шишкараева тарабынан тарабынан пландаштырылып, уюштурулду.