1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

16

Билим берүүдөгү конфликттер: себептери, түрлөрү жана чечүү ыкмалары 

Ар жылы өткөрүлүп келген иш процесси бүгүн да кайталанды.. Бул күнү, 2025-жылдын 19-декабрь күнү, Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана келечек жаш адистердин психологиялык жактан билимдеринин практикаланышын бышыктоо максатында Базар-Коргон шаарындагы “Билим каганаты” окуу-тарбия берүү комплексинин директору, психолог Сатымкулова Нургүл Жаркыновна болду. Ал өткөн “Конфликтер: себептери, түрлөрү жана чечүү ыкмалары” аталышындагы семинар-тренинг ага катышкан 550700 педагогика багытында окуп жатышкан 2-курстун магистранттары жана 4-курстун студенттери жана ППОТ кафедрасынын мүчөлөрү активдүу катышышты. Семинар учурунда студенттер, магистранттар жана окутуучулар, жаш окумуштуулар тарабынан ар тараптуу суроолор, ошол эле учурда кызыктуу жооптор болду. Семинарга Э. Уметов атындагы Педагогикалык интститутунун директору, филол.и.к., доцент З. С. Калыбекова, п.и.д., профессорлор: Т.Э. Уметов, Сакиева С.С., ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Ж. Найманбаев, п.и.к., доцент Маатазимова Г.Э., Тажибаева Ж.К., Ураимов К.М., ПИнин директорунун орун басары, п.и.к., доцент Осмоналиева С.Ч., улук окутуучулар Темирбаева Г.К., Аданова Д.А., Мокуева Н.Ш. катышышты. Семинар-тренинг заманбап технологиялар менен абдан кызыктуу жана активдүү өттү. Семинардын аягында иш берүүчү менен НББП боюнча кызуу маек болуп, анда келечектеги билим берүүнүн багыты, андагы программага кирүүчү сабактар жөнүндө талкуу болду. Учурдагы 12 жылдык окутуу системасынын келечеги жана учурдагы маселелери да талкууланды. Студенттердин семинар учурунда аткарган тапшырмалары семинардын мазмунун терендетти. Бул жолку иш-чараны уюштурушкан ППОТ кафедрасынын мүчөлөрү, п.и.к., доцент Рыскулова Г.У. жана улук окутуучу Шишкараева А.К. катышуучуларга жана келген конокко терең ыраазычылыктарын билдиришти.