- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКА - КЕСИПТИК КОМПОТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ МААНИЛҮҮ БАСКЫЧ
Учурда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык билим берүү багытынын педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы профилинин 3-курстары кесиптик-базалык, 4-курстары кесиптик-профилдик практикасын 2024-жылдын 5-февралынан баштап өтөп жатышат. Кафедранын методист окутуучулары шаарыбыздагы жана райондордогу студент-практиканттар менен тыгыз байланышта болушуп, ар тараптуу методикалык жардамдарын беришүүдө. Ошондой эле алардан кабар алышып, практика учурундагы ишмердүүлүктөрүнө күбө болушууда. Методисттер практикасын өтөп жаткан класстын класс жетекчилеринин, жада калса окуу иштери боюнча директордун орун басарларынын, айрым мектеп директорлорунун да практиканттардын иш-аракеттери, жоопкерчиликтери жөнүндө маектешип, алардын ой-пикирлеринин жакшы экендигин, олуттуу кемчиликтер жок экендигин белгилеп кетүүгө болот.
15-февраль күндөрү 3-курстун студенти Манапова Нурзиданын (Сузак району, Б.Шамшиев атындагы №4 орто мектеби), 4а-классында өткөн адабий окуу сабагына, 4-курстун студенти Сатыбалдиева Алтынайдын (Сузак району, Т.Байзаков атындагы №77 жалпы билим берүүчү орто мектеби) 2в-классында өткөн математика сабактарына катышып, анализ жүргүзүлдү.
16-февраль күндөрү 3-курстун студенти Самсалиева Нурзиданын (Базар-Коргон району, Тагай уулу Камал атындагы орто мектеп) 3-класс менен иш алып баруудагы сабактарына анализ берүү менен бирге 3-класстар ортосунда уюштурулган “Ооган согушуна 35 жыл” деген темадагы класстан тышкаркы ишин, 4-курстун студенти Сабырова Саламаттын (Базар-Коргон району, №42 К.Сооронбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби) кыргыз тили сабактарына катышып, анализ жүргүзүлдү. Практиканттар класс менен иштөөдө сабакты уюштура билүү, туура пландаштыруу, кайтарым байланыштарды жасоо боюнча иш-аракеттерин көрсөтө алышты. Ошону менен катар эле практика учурундагы туш келген кыйынчылыктарын, ийгиликтерин ачык айтышып, ой бөлүштү. Сабактарга карата кемчиликтер, артыкчылыктар айтылып, ага кошумча практиканын иш кагаздарын толтуруу боюнча тиешелүү сунуштар берилди. Практикадагы мындай иш-чаралар педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу А.К.Шишкараева, окутуучу Б.М.Исманалиева тарабынан жүргүзүлдү. Учурда практиканын акыркы жумасында ачык сабактарды уюштуруу боюнча жумуштар пландаштырылууда. Практика учурунда жүргүзүлгөн иш-аракеттер өз максатына жетти.