1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов- 97 жашта

Э.Уметов атындагы ПИнин педагогика адистиги П-1-23 тайпасынын Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн куратордук сааты.Эскерип ырдайм эмгегинЧынгыздай улуу атанынКалеми менен жарытканАдабий рухун ааламдынКара сз болсо бийик тооАйтматов анын аскасыӨнөрү менен көкөлөпЖетпеген андан башкасы Студенттер Ч.Айтматовдун өмүр баянын тааныштырып беришти.Толгонай жана Жер эне темаларын камтыган көркөм окуу өттү.Обондуу ырлар жана табышмактар менен коштолгон чыгармачыл бөлүмдөр болду.Студенттердин “Кыргыз сыймыгы Чыңгызга” деген автордук ырларын аткаруу менен поэзиялык бөлүктөр коштолду.Куратор Тажибаева Ж. Ч.Айтматовдун өмүрү жана дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу кыскача маалымат берди.“Улуу жазуучу — улут сыймыгы” темасында мотивациялык сөз айтылды.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү камтылган кыска видеоролик көрсөтүлдү.Студенттер же куратор жазуучунун өмүр жолу, бала чагы, окуусу, алгачкы чыгармалары жөнүндө айтып өтүштү.“Жамийла”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кыямат”, “Кылым карытар бир күн” сыяктуу чыгармалардын мазмуну жана тематикасы талданды.Жазуучунун табиятты, адам тагдырын жана адамгерчиликти чагылдырган философиялык ойлору белгиленди. “Айтматов эмнеге улуу жазуучу?” деген тема боюнча талкуу жүргүзүлдү.Студенттер каармандарга байланыштуу пикирлерин айтып, жазуучунун айтайын деген негизги ойлорун чыгарды.“Кандай чыгарма сизге күчтүү таасир берди?” деген суроо боюнча ачык диалог болду.Куратор иш-чараны жыйынтыктап, Айтматовдун дүйнөгө калтырган руханий мурасы жөнүндө сөз сүйлөдү.Студенттер улуу жазуучунун айткандарынын ичинен өздөрүнө алган насааттарын айтышты.“Айтматов – түбөлүк мурас” темасында корутунду чыгарылды.