1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

УЛУУ ЗАЛКАР - УЛУТ УҢГУСУ

2025-жылдын 11-декабрында Улуу залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун жаркын элесине жана КРнын Президентинин “Улут уңгусу” программасынын алкагында уюштурулган Манас шаарындагы Барпы атындагы драмалык театрында кезектеги маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде “Сырдашуу” спектакли коюлуп, ага катышкан ЖАМУнун анын ичинде Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын жалпы жамааты да спектаклдин жогорку чеберчиликте коюлганын, бул улуу залкарыбыздын ааламга кеткен даңкын дагы бир ирет даңазалады деген ойлорун айтышты. Спектаклди койгон режисёр КРнын эмгек сиңирген артисти Ш. Мамбетова жана сүрөтчүсү Ж. Өмүрзакова, ал эми ролдордо Толгонай - Ж.Темиркул кызы, Жер эне - Уулкан Калдыбай кызы, Алиман – Алина Курманбек кызы болду. Спектакл бүткөн соң көрүүчүлөр каармандар менен эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Жумушту маданий эс алуу менен айкалыштырып уюштуруп берген ЖАМУнун жетекчилигине ыраазычлыгыбызды билдерибиз дейт ППОТ кафедрасынын улук окутуучусу А.К. Шишкараева.