1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

ДУАЛДЫК ОКУТУУ БОЮНЧА СТУДЕНТТИН ПРАКТИКАСЫ

      Педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана студенттердин кесиптик компеттенттүүлүгүн өнүктүрүү максатында дуалдык окутуу программасы ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.     Ушул программаны жүзөгө ашыруунун бир бөлүгү катары Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун П-1-22 тайпасынын студенти Осмоналиева Адина Манас шаарындагы №13 жалпы билим берүүчү мектептин 3-«А» классына жардамчы мугалим катары педагогикалык практика өтүү үчүн бекитилди. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Г.У. Рыскулова насаатчы катары бекитилип, мектеп жетекчилиги менен бирге иш алып барууда.      Студент дуалдык окутуунун негизги максаттарына ылайык, жогорку окуу жайында алган теориялык билимдерин мектеп чөйрөсүндө практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып өнүктүрүүдө. Практиканын жүрүшүндө ал класстын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сабактарды пландаштыруу, окутуунун заманбап педагогикалык технологияларын колдонуу, окуучулардын кызыгуусун арттырууга багытталган методикалык ыкмаларды тандоо жана ишке ашыруу боюнча тажрыйба топтоодо.