1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

132

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН НББПНЫ ТАЛКУУЛАП...

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы 2025-жылдын 5-декабрь күнү Манас шаарындагы №3 Ж.С. Бакиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана №18 “Радуга” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 550700 Педагогика багытындагы башталгыч билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү адистиктери үчүн негизги билим берүү программасын талкуулоо процессин жүргүзүштү. Негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо учурунда иш берүүчүлөр тарабынан абдан көп сунуш-пикирлер айтылып, орундуу суроолор берилди. Алсак Ж.С. Бакиев атындагы метептин директору (ЖАМУнун бүтүрүүчүсү) Токоматова Г.К. учурдагы эң актуалдуу маселе катары адистерди даярдоодо Манастын жети осуяты боюнча даярдалган жети багыттагы тарбия иштерин атайын Тарбия иштерин уюштуруунун методикасы деген сабактын мазмунуна киргизүү жана ошол эле учурда Президентибиздин указына ылайык Унгу Жол программасын да жайылтууну сунуштады. Аталган мектептин мугалимдери Луиза Кимсанова, Бактыгүл Кулекова, Айкүмүш Нишанбаева жана окуу бөлүмүнүн башчысы Дамира Арзиевалар башталгыч класстын мугалими адистигинде окуп билим алып жаткан студенттерди практикага көбүрөк бөлүү, орус тилдүү мектеп болгондуктан орус тилин үйрөтүүгө басым жасоо, мектепке келгендеги мугалимдик этика жана жүрүм-турум эрежелери, формасы, тартиби жөнүндө маселелер бар экендигин жана аны биргеликте жоюуга болорун белгилеп кетишти. Талкууга катышкан ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Ж. Найманбаев өз сөзүндө учурдагы мектеп менен ЖОЖдордун байланышынын солгундап кетишинин алдын алуу жана келечекте күчтүү адистердди даярдоо боюнча атайын иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюушулуп, ошол эле учурда аталган адистик боюнча НББПсын биргеликте талкуулоо максатында келип отурушкандыгын айтып өттү. ППОТ кафедрасынын башчысынын сөзүн улай эле кафедранын профессору, п.и.д. С.С. Сакиева биринчи эле мектептин директору биздин адистик боюнча бүтүрүүчү экендигин сыймыктануу менен эскерип өттү жана мектеп мугалимдери белгилеп кеткен маселелердин баары жүйөөлүү экендигин баса белгилеп, учурда сүйлөө кебин жана кеп маданиятын калыптандыруунун үстүндө изилдөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып кетти. Ушул сыяктуу өз ойлорун айткан кафедранын мүчөлөрү: п.и.к., доцент К.М. Ураимов, п.и.к., доцент С.Ч.Осмоналиева, п.и.к., доцент Ж.К.Тажибаева, п.и.к., доцент Г.У. Рыскулова, улук окутуучулар Д. Аданова, А.К. Шишкараева, окутуучу Н.Ш. Мокуева, Ж. Нишанбаевалар 550700 Педагогика багыты боюнча НББПнын мазмунуна кошумча сунуштарды кийирүү, адистик боюнча тишелүү дисциплиналарды тандоо маселелерин белгилеп кетишти.  Ошол эле учурда жогоруда аталган №18 “Радуга” мектепке чейинки билим берүү мекемесине да барып анын жетекчиси Айчүрөк Омошова жана анын тарбиячылары: Токтобаева Гүлжамал, Рустамова Тансулуу эжекелер менен тиешелүү адистик боюнча НББПсы кенири масштабда талкууланды. Буларда да жогорудагыдай эле көйгөйлөр жана сунуштар, ойлор айтылды. Айтылган ой-пкирлер НББПсына кийирүү сунушталды. Алардын негизги маселеси катары табиячылардын окуу процессинде жүгүртүлгөн иш кагаздарынын санын азайтуу, сабак өтүу формасын бирдей калыпка салуу сыяктуу маселелерге басым жасашты. Талкуулоого катышкандар иш сапарынын аягында атайын отчет үчүн сүрөткө түшүшүп, андан ары жумуш ордуларына тарап кетишти. Мектеп менен ЖОЖдун байланышы улам бекемделип, биргеликте иш алып баратканына дагы бир ирет ынандык.