1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

АДАПТАЦИЯЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ИЙГЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2025-жылдын 4-декабрында, ПМ-1-23 көп тилдүү группасынын адаптациялык педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Практиканын мөөнөтү 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрына чейин созулуп, студенттер Манас шаарына караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде практиканын өтүштү.

Иш-чарага Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун директордун орун басары, п.и.к., доцент м.а. С.Осмоналиева, ошондой эле кафедра жетекчилери Н.К.Тажибаева, Н.Ш.Мокуева, Г.К.Темирбаева ж.б. окутуучулар катышты. Кафедра башчысынын практика боюнча орун басары А.Шишкараева конференцияны ачып, практика боюнча жалпы маалымат берди. Программанын негизинде конференцияны ППОТКнын башчысы М.Ж.Найманбаев ачып, студенттердин практикадагы активдүүлүгүнө жана жоопкерчилигине токтолду.

Андан кийинки сөз карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С. Жолдошалиевага берилди. Конференциянын жүрүшүндө студенттер презентация, илимий-изилдөө иштеринин корголушу менен жана практика боюнча SWOT-анализдери менен бөлүшүштү.

·         Эсенбаева Огилхан Сузак районундагы №22 П.Гайдар атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте практика өтүп, жетишкендиктери, кемчиликтери, мүмкүнчүлүктөрү жана коркунуч тараптары боюнча кеңири анализ жасады.

·         Асанова Тахмина «Башталгыч класстарда балдарды тарбиялоодо үй-бүлө менен мектептин байланышы» аттуу илимий ишин ийгиликтүү коргоду.

  • Дайырбек кызы Зейнеп Сабак өтүүдө колдонулган көрсөтмө куралдардын түрлөрү жана аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча мазмундуу маалымат берди. Доклад жасап бүтүшкөндөн кийин методист-окутуучулар студенттерге төмөнкүдөй маанилүү суроолорду беришти:

1.     Практика мезгилинде кайсы методдорду колдондуңар?

2.     Кайсы стратегия эң эффективдүү болду?

3.     Окуучуларга сабак учурунда жеке мамиле кылууга жетиштиңерби?

Студенттер бардык суроолорго так жана толук жооп беришип, өз тажрыйбаларын аргументтүү түрдө далилдеп берүүгө аракет кылышты.

Иш-чаранын аягында «эркин микрофон» уюштурулуп:

  • студенттер окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти,
  • усулдук жактан сунуш-пикирлерин айтышты,
  • келечектеги адаптациялык жана базалык практиканы дагы жогорку деңгээлде өтүү ниеттерин билдиришти.

Конференция жылуу атмосферада өтүп, студенттердин кесиптик өсүүсүнө чоң мотивация тартуулады. Иш-чаранын соңунда катышуучулар эс тартуучу сүрөткө түшүп, конференция жыйынтыкталды.