1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

61

"ЗАМАНБАП ПЕДАГОГИКАЛЫК ЫКМАЛАР" АТАЛЫШЫНДАГЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ СЕМИНАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ 

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан “Заманбап педагогикалык ыкмалар” аталышында окутуунун жаңы технологиялары, компетенттүүлүккө багытталган стратегиялар, интерактивдүү усулдарды чагылдырган тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Семинарга АСДнын директору п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева, ОБнын башчысы А.Мирзахмедова, педагогикалык факультеттин директору, фил.и.к., доцент З.С.Калыбекова, кафедра башчысы п.и.к., доцент М.Ж.Найманбаев, факультеттин усулдук кеңешинин төрагасы Г.К.Темирбаева жана педагогикалык институттун жамааты катышты.  ППОТ кафедрасынын п.и.к., доценти Г.У.Рыскулова, п.и.к., доц.м.а. Ж.К.Тажибаева, п.и.к., доц.м.а. С.Ч.Осмоналиевалар студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуунун жолдорун көрсөтүштү. Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын ишке ашыруучу усулдар, интерактивдүү методдор – "Кубик" стратегиясы, "Аквариум" ыкмасы жана "Автордук отургуч" усулу жана эмоцияны башкаруу, психологиялык аспектилердин бүгүнкү күндөгү жаңы ыкмалары практикалык түрдө жүргүзүлүп, катышуучулар активдүү катышып, анализ жана чыгармачыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн бекемдешти. ППОТ кафедрасынын жамааты заманбап педагогикалык ыкмаларды дайыма окутуу процессине киргизип, колдонуунун жолдорун жайылтууда алдыңкы сапта тураары айтылды. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар жылуу пикирлерин билдиришип, тажрыйба алмашуу факультетте уланаарын белгилешти.