1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

6

Дуалдык окутуу алкагындагы көрсөтмөлүү сабак

2025-жылдын 26-ноябрында Манас шаарына караштуу №21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде дуалдык окутуу программасы боюнча кезектеги практикалык сабак уюштурулду. Иш-чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин П-1-22 тайпасынын студенти Акимова Айгерим катышты. Практика өтүүчү база катары бекитилген 2-“А” классынын класс жетекчиси — Карымшакова Айнура. Сабак 12 жылдык билим берүү үлгүсү боюнча жүргүзүлөт. Бул күнкү көрсөтмөлүү сабак “Алиппе” сабагынын “Ү” тамгасы темасына арналды. Университет тарабынан бекитилген дуалдык окутуу жетекчиси, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун улук окутуучусу Шишкараева Ажар Козубаевна сабакка катышып, окуучулар менен эс алуу минутасын (физминутка) өткөрүп, студентке методикалык жактан туура сабак берүү үлгүсүн көрсөткөн. Иш-чаранын негизги максаты — студенттин практикалык компетенциясын жогорулатуу, сабакты эффективдүү уюштуруунун заманбап ыкмаларын үйрөтүү жана теориялык билимди мектеп чөйрөсүндө бекем колдонуу болуп эсептелет.