1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

9

СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРА

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын ПМ-1-24 тайпасына куратордук саат өткөрүлдү. Иш чараныны максаты студенттердин ВИЧ/СПИД жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, алдын алуу чараларын түшүндүрүү жана дени сак жашоого болгон жоопкерчиликти калыптандуу экендигин куратору Д.А.Аданова баса көрсөтүп өттү. Сабак учурунда студенттер ВИЧ/СПИД тууралуу туура маалыматтарды угуп, коргонуу ыкмалары жана коопсуз жүрүм-турум маданияты боюнча кенен түшүндүрмөлөргө ээ болушту. Ошондой эле кафедранын окутуучулук жаматы менен темага байланыштуу пикир алышуу уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, суроолоруна жооп алышты. Иш-чара студенттердин ден соолук маданиятын бекемдөөгө багытталган маанилүү тарбиялык иш болуп эсептелет.