1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

51

Дуалдык окутуу процесси ишке ашууда...

Заман талабына ылайык учурдагы билим берүү процессин интеграциялоо жана теория менен практиканы дифференциациялап окутууну жолго коюу максатында Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-22 тайпасынын студенттери Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 ж.б.б.о.м. ар жума сайын жумуш ордунда окутууда болуп келишет. Бул жолку дуалдык окутуу процессин ППОТ кафедрасынын доценти п.и.к. Ураимов К.М. жана п.и.к. С.Ч.Осмоналиева жана улук окутуучу А.К. Шишкараевалар жетектеп келишти. Дуалдык окутуу — бул билим берүүнүн теория менен практиканы айкалыштырып үйрөтүү формасы. Ошол эле учурда студенттердин билим берүү процессин окуу жайдагы теориялык сабактар менен иш жүзүндөгү педагогикалык тажрыйбаны айкалыштырып жүргүзүүчү инновациялык система. Башкача айтканда, студенттер сабактарды окуу жайда гана эмес, иш жүзүндө да практикалык тажрыйба топтоп үйрөнүшүүдө. Педагогика багыты боюнча 4-курс студенттери дуалдык окутуунун алкагында: • мектептерде жана тарбиялык мекемелерде практикалык иш алып барышат; • сабак берүү методикасын жана педагогикалык технологияларды өздөштүрүшөт; • мугалимдер менен биргеликте сабактарды пландаштырып, өткөрүүдө катышышат; • окуу жайдагы жетекчилер менен үзгүлтүксүз байланышта болушат. Мындай окутуу форматы студенттерге педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүгө, жоопкерчиликти жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле билим берүү мекемелери менен жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт. Натыйжада дуалдык окутуу системасы — келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда жана билим берүүнүн сапатын арттырууда маанилүү роль ойнойт.