1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыгы

2025-жылдын 13-октябрынан 8-ноябрына чейин ПМс-1-24 тайпасынын 2-курсунун сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттары илимий-педагогикалык практикадан өтүштү. Практиканын максаты — магистранттардын теориялык билимдерин тереңдетүү, илимий-изилдөө көндүмдөрүн өркүндөтүү жана педагогикалык ишмердүүлүккө даярдыгын арттыруу болуп саналат. Практиканын өзгөчөлүгү — магистранттар өздөрүнүн илимий иштери менен тыгыз байланышта өткөрүштү. Ар бир магистрант илимий темасынын багытына жараша сабактарды жана иш-чараларды уюштуруп, изилдөө материалдарын практика учурунда топтоду. Бул ыкма студенттерге теориялык билимин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берди. Магистранттардын көбү практиканы өз аймактарындагы жалпы билим берүү орто мектептеринде өтүшүп, ошол эле учурда ЖОЖ менен тыгыз байланышта болушту. Илимий жетекчилер менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп, кеңештер жана методикалык жардам көрсөтүлдү, жеке консультациялар онлайн жана оффлайн форматта жүргүзүштү Жыйынтыктоочу конференцияда магистранттар өздөрүнүн практика отчетторун жана илимий ишинин жыйынтыктары менен байланышкан байкоо, анализдерин сунушташты. Жогору аталган конференцияга илимий жетекчилер жана кафедра окутуучулары алардын жигердүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалашты. Конференцияны өтөп жатып төмөнү жыйынтыкка келдик: магистранттар илимий-педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтөп, өзүнүн илимий темасы боюнча практикалык натыйжаларга жетишишти жана педагогикалык тажрыйбасын байытышты.