1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫК АЛКАГЫНДАГЫ КОНОК ЛЕКЦИЯ

     2025-жылдын 4-ноябрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексине караштуу Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган «Илим айынын» алкагында конок лекция болуп өттү.      Иш-чаранын коногу — филология илимдеринин доктору, профессор И. Абдувалиев студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга «Кыргыз тили – кыргыз элинин табылгасы, пикир алышуунун уңгу жолу» деген темада мазмундуу жана кызыктуу лекция окуду.      Лекция учурунда катышуучулар активдүү суроолорду берип, профессордон кеңири жоопторду алышып, жигердүү талкуу жүрдү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, илимий-маалыматтык мааниси менен бааланды.       Институттун директору З. С. Калыбекова жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы келген конокко терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы илимий иштеринде ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле студенттерди окутуучулар менен бирге илимий долбоорлорго аралашууга, үзгүлтүксүз илимий кызматташтыкта болууга чакырышты.