1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

17

1

Б.Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы мобилдүүлүктө

2025-жылдын 24-26-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинде "Развитие человеческого капитала в цифровом обществе: возможности и перспективы" аталышындагы эл аралык илимий конференция болуп өттү. Конференцияга Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Маатазимова Гулзат Эрмаматовна жана тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Анарбаева Гулнора Абдуманаповналар катышып келишти.

Чирчик педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулар жамааты менен таанышып, иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, психология адистигинин 2-курстарына жадыбал боюнча педагогика, психология жана психологиянын окутуу методикасы предметинен конок лекциялар өтүлдү. Ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы мындан ары илимий жана мобилдүүлүк боюнча кызматташтыгыбызды бекемдөө боюнча жакшы ниеттер бар экендиги жөнүндө кенен сүйлөшүүлөр болду.