- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Жаштар стажировкасы

Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан “Жаштардын кесипкөйлүгүн өнүктүрүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” (Жаштар стажировкасы) максатында уюштурулган иш-чара 2025-жылдын 18-апрелинде Барпы театрынын алдында болуп өттү. Иш-чарага педагогика багытынын педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы профилинин төмөндөгү бүтүрүүчү группаларынын П-1-21, Пк-2-21, МЧББ-1-21 студенттери активдүү катышышты.
Ал эми ушул багыттагы бүтүрүүчүлөрдү даярдаган кафедранын окутуучулары жана Исманалиева Бурулкан Мамажунусовна жеке ишкер катары бүтүрүүчүлөрдүн фестивалында өз тигүүчүлүк ишмердүүлүгүн презентациялап келечектеги кесиптин ээлерине шыктандыруучуларды жарата алды.