1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

1

БИЛИМ АЛУУ ЧЕКАРА ТАНДАБАЙТ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогика багытында билим алып жатышкан бүтүрүүчү курстардын күндүзгү П-1-21, Пк-2-21 жана сырттан Пс-1-20, Пс-2-20, МЧББс-1-20 тайпаларында окуган студенттер учурда Кесиптик-профилдик практикаларын жогорку денгээлде өтөп жатышат. Алар Кыргызстандын район шаарларындагы билим берүү мекемелеринде ошондой эле коңшу мамлекеттердеги мектеп жана мектепке чейинки мекеме, уюмдарда практикага бөлүнүшкөн. Биздин бүтүрүүчү курстар өз кесибинин чыныгы ээси экендигин көрсөтүшүп, чыгармачылык менен ачык сааттарды, класстан тышкаркы ар кандай тематикадагы иш-чараларды жогорку уюшкандыкта өткөрүп келе жатышат. Алар менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткан педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедарынын окутуучулук-профессордук курамы студенттерге ар тараптуу окуу-методикалык жардам берип келишет. Жакында коңшу Өзбек Республикасынын Наманган областынын Мин-Булак районуна караштуу № 38 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде практикасын өтөп жаткан биздин студентибиз Садирова Одинанын практикасын жеринде текшерип, анын ачык саатына жана иш-чараларына катышып, өз кеп-кеңештерин берип келген кафедранын доценти К.М. Ураимов ал жактагы жетекчиликтин жана ата-энелердин биздин окуу жайдын студенттери жөнүндөгү жакшы ойлору бар экендигин, кийинки жылдардан дагы ушул окуу жайдан билим алууну каалагандардын саны арбын экендигин билдирди. №38 балдар бакчасынын мүдүрү Исламова Гүлнара эжеке биздин студентибиз Садированын келечекте алдынкы чыгармачыл тарбиячы болоруна ишенимин билдирип, биздин окуу жайыбыз жана деги эле кыргызстандагы кесиптик окуу жайларда даярдалып жаткан адистердин билиминин тереңдигине, жаны ыкмалар менен сабактарды уюштура билишине суктануу менен токтолуп кетти. Ушул жуманын акырында практика жыйынтыкталып, студенттер отчетторун тапшыруу алдында турушат.