- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
"Келгиле сүйлөшөбүз"оратордук курс

Жакында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультеттин Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусу менен өткөрүлгөн оратордук курс жыйынтыкталып, 36 саат өлчөмүндө өтүлгөн курстун сертификаттары тапшырылды. . Аталган курсту карьера жана практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева уюштуруп, курстун жүрүшүндө: ички туюм менен иштөө көндүмдөрү, азыркы менен жашоо, стресстен арылуу көндүмдөрү, жаман адаттардан арылуу, так жана көркөм сүйлөө сыяктуу көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн түрдүү практикалык жумуштар аткарылды. Курстун катышуучулары ушундай мазмундагы курстарды жандандыруу зарылдыгын айтышты жана курсту уюштуруп алып барган Нурия Султановнага ыраазычылыктарын билдиришти, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.