1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

79

1

Иш тажрыйба аркылуу кесипкөй болууга карай кадам (кесиптик-базалык практика)

Кесиптик-базалык практика – бул студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, өндүрүштүк иш тажрыйбасын алууга багытталган маанилүү баскыч. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-22 тайпасынын студенттери кезектеги аталган практикада өздөрүнүн теориялык билимдерин практикада сынап көрүштү. Студент-практиканттар шаарыбыздын мектептеринин башталгыч класстарында изилдөөгө алган темалары боюнча байкоолорду жүргүзүштү. 

Конференциянын негизги максаты – практикадан өткөн студенттердин тажрыйбаларын угуу, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын талдоо, мындан ары өнүгүү жолдорун аныктоо.

Мектептерде өткөн практика боюнча баяндамалар угулду. Алардын катарында Саипжанова Севинч “Өзгөчөлөнгөн балдар менен иштөө”, Азимжанова Айкыз “Учурда ата-энелердин мектептеги орду”, Мухтаралиева Эльнура “Өзбек мектептердеги орус класстар. Айырмачылыктары жана окшоштуктар”, Курбанова Эркинай “Заманбап сабак өтүүнүн жолдору- ЖИ (жасалма интеллект)” темасында илимий изилдөө иштеринин эксперименттери менен бөлүштү.

Ошондой эле практика учурундагы жетишкендиктер жана кыйынчылыктар, келечектеги мектептер менен кызматташтык, кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүү ж.б. жөнүндө сөз болду.

Конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карьера жана практика бөлүмүнүн жетекчиси З.Калыбекова, кафедранын практика жетекчиси улук окутуучу А.К.Шишкараева, методисттер п.и.к.,доцент Г.У.Рыскулова, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева, окутуучулар Н.Н.Мокуева, Раимкул кызы Айжамалдар катышты

Конференциянын жыйынтыгында, студенттердин сунуштары жана методисттерди пикирлери эске алынып, келечектеги практиканы дагы да жакшыртуу үчүн сунуштар угулду.Начало формы