1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

98

1

МАГИСТРАНТТАРДЫН  ИЛИМИЙ ИШИН  ЖҮРГҮЗҮҮ

Магистранттардын квалификаңиялык жумушу менен иштөө, алардын илимий ишин аткаруу боюнча кезектеги ангемелешүү, алардын пикирин угуу жумуштары  Пмаг-1-24 тайпасынын магистанттары А.Амирова, Г.Абдаким кызы, А.Аширалиева, С.Чынтемирв кызы  менен аткарган квалификациялык иштеринин жүрүшү боюнча ангеме жүргүзүлдү. Магистранттар квалификациялык жумушу боюнча басмага сунуштаган макалалары жөнүндө маалымат беришти. Магистранттар макалаларын ЖАМУнун, ОшМПУнун жарчысына сунуштагандыгын маалымдашты. Ал эми квалификаңиялык жумуштары, т.а. Айжан Амированыкы адабий окуу сабагындагы колдонулуучу технологияларга, Айдана Аширалиева белгилүү окумуштуу Каратай Сартбаевге, Чынтемир кызы Сабира, Абдаким кызы Гүлзина адабий окуу сабактарындагы дидактикалык материалдарды колдонууга арналгандыгына токтолушту. Магистранттар ошондой эле изилденген тема боюнча адабияттар менен иштеп жаткандыгын, педагогикалык байкоолор шаардын мектептеринде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти. Магистранттар адабияттар менен иштөөдөн бир аз көйгөй болуп жатканы болбосо, квалификаңиялык иштер менен иштөө жекече иш план боюнча жүргүзүлүп жаткандыгына токтолушту. Ал эми илимий жетекчи, профессор С.С.Сакиева аткарылган иштердин жүрүшү боюнча маалымат алгандан кийин, сунуштарын, кемчилдиктерин айтуу менен  магистранттарга квалификаңиялык жумушту өз убагында бүтүрүп, коргоону сунуштады.