- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Кесиптик-базалык практиканы уюштуруу конференциясы

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында 2025-жылдын 7-февралында П-1-22 тайпасы үчүн кесиптик-базалык практикасы боюнча уюштуруу конференциясы практика жетекчиси А.К.Шишкараеванын жетекчилиги менен болуп өттү. Конференцияда практиканын максат-милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берилип, бөлүнгөн мектептери, методисттери менен тааныштырылды. Кесиптик-базалык практика шаардын жана шаарга жакын жайгашкан Сузак райондорунун мектептерине уюштурулду. Практиканы методисттер Студенттер тарабынан берилген суроолорго методисттер жооп беришип, жол картаны жана жолдомолорун колдоруна беришти. Кесиптик-базаклык практиканы уюштурууда жол карта мене ниш баруу боюнча методисттер Н.Ш.Мокуева, Раимкул Айжамалардар студенттерге кенен маалымат беришти.Практика боюнча маалыматтарды жыйноодо практиканттын жол картасы менен отчетторду жазуула алардын формаларын жана методдорун сунушташты. Студент-практиканттын мектеп докумунтациясы мене ниш алып баруусуна да басым жасалды. Уюштуруу конференциясы жогорку денгээлде уюштурулду, максатына жетти.