- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКА УЛАНУУДА...
Учурда Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери 3 жумалык Адаптациялык-педагогикалык практикада жүрүшөт. Бул жолу практиканттардын аткарып жаткан изилдөө иштери менен таанышып, аларга ар тараптуу методикалык жардам берүү максатында Базар-Коргон шаарындагы №39 “Акылай” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болуп, андагы МЧББс-1-22 тайпасынын студенти Баратбаева Сожиданын практикада аткарып жаткан иштери жана тиешелүү документтери менен таанышып кайттык. Практикантыбыздын Балаты майрамына карата даярдаган “Жаны жыл ак шамы” адабий музыкалык кечеси абдан кызыктуу өттү жана жакшы уюштурулган. Эң кубанарлыгы биз барган бакчаны биздин 2017-2018-окуу окуу жылындагы бүтүрүүчүбүз Абдыганы кызы Кенжеайм башкарып келе жатыптыр. Бул биз үчүн сыймык болду. Практикантыбыз Бараталиева Сожиданын аткарып жаткан иши жөнүндө 2-кенже тайпасынын тарбиячысы Шамшиева Дамира жакшы мүнөздөмө берди. Практиканттын усулчу жетекчиси ППОТ кафедрасынын доценти К.М.Ураимов практиканттын мындан ары кандай жумуштарды жасоосу зарыл экендигин, алдын ала отчеттун формасын, күндөлүктү жана балдарга педагогикалык-психологиялык байкоо жүргүзүү менен мүнөздөмөнү кантип жазуунун жолдорун айтып кетти. Практика уланууда...