- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ЖОМОКТОГУ КААРМАНДАР МЕЙМАНДА
Мына ушундай аталыштагы ачык сабак Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун алдындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда болуп өттү. Бул иш чара Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-21 жана Пк-2-21 тайпаларынын студенттеринин жардамы менен өткөрүлдү. Ал кафедрадагы “Бүчүр” чыгармачылык-илимий ийриминин планына ылайык уюштурулган. Аталган ийримди бир топ жылдардан бери ППОТ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов жетектеп келет. Студенттердин жеке чыгармачылыгы, өз кол өнөрчүлүгү менен жасалган театр үчүн курчактар балдар бакчасынын тарбиялануучуларын эле эмес, бакча жетекчилигин жана тарбиячыларды да кайдыгер калтырган жок. Айрыкча “Көмөч” жомогунун каармандары балдарда кызыгууну жаратты. Студенттердин жеке чыгармачылыгына ылайык жазылган сценарийдин негизиндеги “Жомоктогу каармандар мейманда” көрүнүшү көрүүчүлөрдүн көңүл купулуна толду. Андагы жомоктогу каармандар менен балдардын кызыктуу аңгемелешүүсү жана балдар жакшы көргөн “Бака-бака”, “Керемет көч”, “Бүлдүркөн” сыяктуу балдар ырлары балдар менен чогуу аткарылды. Курчак театрынын аягында ар бир каарман менен тааныштырылды жана жомоктогу кармандар сүйүктүү бөбөктөр менен эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Биздин чыгармачылык топтун жаны жыл алдындагы мындай жагымдуу маанай тартуулашкандыктары үчүн бакча мүдүрү В.С. Калыбекова, тарбиячылар жана балдар терең ыраазычлыктарын билдиришти. Бул саамалык дагы көчүн уламакчы...