- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
АДАБИЙ ОКУУНУ ҮЙРӨТҮҮГӨ АРНАЛГАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика жана психология кафедралары менен биргеликте педагогика, мектепке чейинки билим берүү адистиктери үчүн п.и.д., профессор Сайипжамал Салайдиновна Сакиева тарабынан “АДАБИЙ ОКУУ САБАГЫНДА ТЕКСТТИ ТАЛДООДО КОЛДОНУЛУУЧУ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ” деген темада конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга кафедранын окутуучулары да катышты. Лекциянын мазмуну башталгыч класстарда Адабий окуу предметин окутууда текстти талдоо, алар менен иштөөдө технологияларды колдонуунун формалары жана методдору талкууланды. Адабий окуу сабагынын жүрүшү – текст, текст менен иштөөгө өзгөчө маани берилет. Текст менен иштөө аркылуу окуучу окуу китебиндеги элдик оозеки жана адабий чыгармалардын тематикасына өзгөчө маани берилет. Адабий окуу китеби – бул баланын инсандыгын калыптандыруунун алгачкы баскычы болуп саналат. Адабий окуу китебиндеги көркөм чыгармаларды окуу жана түшүнүү менен баланын билимге болгон алгачкы көз караштары практикаланат. Адабий окуу предметиндеги сунушталган текстти окуу аркылуу окуу көндүмүн калыптандыруучу тапшырмалар, алар менен иштөө практикаланат. Текстти талдоого берилген тапшырмалар түрдүү багытта тандалат. Демек, окуулукта мындай тапшырмалар сунушталган. Текст - окуучунун негизги пикир алмашуунун каражаты катары колдонулат. Анда: текст – белгилүү бир темада сүйлөшүү, пикир алышуу; текстте сүйлөөчү адамдын негизги оюнун ишке ашырылышы; ар кандай көлөмдөгү тексттин бүткөн ойду билдириши; текстке теманы же айтылган негизги ойду билдирүүчү ат тандап алуу; тексттин демейде туура башталып, туура бүтүшү, текстти талдоодо текстке чейинки, текстти окуу учурундагы, текстти окугандан кийинки этаптары окуу китебиндеги айрым бир темалардын мисалында каралды. Текст менен иштөөдө окуучунун өз алдынча иштерин, окуу материалына сунуш кылынган суроо-тапшырмалар, аларды уюштуруунун жолдору каралды. Текстти талдоодо өзгөчө басым текстти сынчыл окуу, аны уюштуруу пландаштыруу сунушталды. Окумуштуунун буга чейинки изилдөөлөрүндө , мектеп тажрыйбасында колдонулуп келе жаткан тексттин модели, аны менен иштөөнү уюштуруунун технологиясы талкууланды. Текст менен иштөөдө окуучунун китеп менен иштөөсү, аларды уюштуруунун формалары да каралды. Лекциянын аягында студенттер тарабынан суроолор берилди, алар жооптор менен толукталды. Акырында студенттерге окуудагы ийгиликтер, каалоолор айтылды.