1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

125

1

МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА МАСТЕР КЛАССТЫ УЮШТУРУУ

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын 4-курсунун студенттери АДАПТАЦИЯЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫ шаардын мектептеринде өтөштү. П-1-21 тайпасынын студенти Ганиева Мадина №13 Роза Азимова атындагы жалпы билим берүүчү  мектепте  педагогикалык практикасын өтөдү. Бөлүнгөн классы 4-а-класс,  методисти Аданова Дарикан Арапбаевна.

Ганиева Мадина математика сабагынан календардык планда көрсөтүлгөн "Көп орундуу сандарды  кошуу жана кемитүү " темасындагы 370-376 мисалдарды иштетүү боюнча ачык сабак өттү. Окуучулар көп орундуу сандарды окууну, класстарга жана разряддарга ажыратууну жана аларды жазууну үйрөнүштү. Ганиева Мадина жасаган көрсөтмө курал өтө мазмундуу жасалган, балдар көрсөтмө куралды кызыгуу менен пайдаланып тапшырмаларды аткарып, сабактын максатына жетүүсүнө өтө жакшы жагдай түзүлдү. Сабак аябай кызыктуу болду. Методист Аданова Дарикан Арапбаевна окуучуларга көп орундуу сандарды класстарга жана разряддарга ажыратууну, аларды туура окууну жана туура жазууну көрсөтмө куралдын жардамы менен уюштуруу боюнча мастер класс өтүп  берди. Мындай иш чаралар шаардын башка мектептеринде дагы уюштурулду. Практиканы уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар  максатына жетти.